19-декабрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде практиканттардын жыйынтыктоочу конференциясы өттү.

2018-12-19 15:48:38 1936

19-декабрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде 4-курстун студенттеринин шаардык мектептерде өтөп келген кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү. Конференцияны практика боюнча жооптуу, улук окутуучусу Эрмекбаев К. уюштуруп, Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. жана бардык профессордук-окутуучулук курам катышты. Анда шаардагы мектеп-гимназияларында практика өтөгөн дээрлик бардык студенттер слайддарын көрсөтүшүп, отчетторун беришти жана бир топ маселелерди көтөрүп чыгышты.