8-январь, 2019-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук жамаатынын иш берүүчүлөр менен жолугушуусу болуп өттү.

2019-01-08 17:38:39 1985

8-январь, 2019-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук жамаатынын иш берүүчүлөр менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Ош облустук мамлекеттик архивинин кызматкери, документтерди комплектилөө бөлүмүнүн башчысы Алимбаев Нургазы, Ош шаардык мамлекеттик архивинин кызматкерлери Пирмамбетова Нурпери жана Маткасымов Мырзабек келишти. Иш берүүчүлөр менен биргеликте колледждин "Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү" адистигинин НББП сы талкууланып, сунуш-пикирлер кабыл алынды жана биргеликте иш алып баруу каралды.