2019-01-29 13:50:57 1927
28-январь, 2019-жыл. Тарых факультетинде ички жана тышкы академиялык мобилдүүлүк жүрүүдө. Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун 3-курсунун студенти Моңолдор кызы Элизат, Баткен мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Исаков Нурсейит жана Нарын мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Өмүрзакова Зарина ички мобилдүүлүктүн алкагында келип окуй башташты. Ал эми ОшМУнун тарых факультетинин 2-курсунун студенти Кадырбек уулу Икрамжан Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУга ички академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окууга кетти. Тышкы академиялык мобилдүүлүк боюнча Казахстандагы Тараз мамлекеттик университетине 2-курстун студенттери Токтобаева А. жана Жумабаев Б. окууга кетишсе, Түркиянын Мунзур университетинде бир семестр окуп, 4-курстун студенти Маматалиева Жумагул кайтып келди.