2019-02-07 09:31:45 1723
6-февраль, 2019-жыл. Тарых факультетинин окутуучулары ОшМУнун жаны технологиялар жана дистанттык билим берүү департаменти тарабынан "Дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу" аттуу семинарга катышты. Семинарды ОшМУнун дистанттык окуу боюнча проректору Авазбек уулу Расул көзөмөлгө алып, Асанов Бактыяр жана Ибраимов Таалай өттү. Катышуучулар AVN маалымат системасына ОМКларды, тесттерди жүктөө, студенттер менен онлайн байланышка чыгуу, дистанттык технологияны пайдалануу менен студенттердин билимин баалоо сыяктуу маселелер боюнча толук маалыматтарга ээ болушту.