22-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде Илим жумалыгы старт алды жана белгилүү окумуштуулар конок-лекцияларды окууда.

2019-04-22 18:06:59 1905

22-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата 2019-жылдын 22-27-апрель күндөрү Илим жумалыгы ачык деп жарыяланды. Анын алкагында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору, т.и.д., профессор Ж.Б. Алымбаев “Кыргыз тарыхнаамасынын негизги маселелери” деген темада конок-лекция окуду. Лекцияда студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты жана талкуу менен коштолду.