22-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде Илим жумалыгы (22-27-апрель, 2019-жыл) башталды.

2019-04-22 18:24:07 1658

22-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата 2019-жылдын 22-27-апрель күндөрү Илим жумалыгы ачык деп жарыяланды. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын илимий кызматкери Эмил Султанов “Кыргызстандын түштүгүндөгү археологиялык казуу иштери” деген темада конок-лекция окуду. Лекцияда студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты жана жакынкы күндөрдө май айында өтүлө турган археологиялык казуулар боюнча талкуу жүрдү жана студенттерди археологиялык казуу иштерине алып баруу жагы каралды.