18-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде магистрдик программанын НББПсы стейкхолдерлер менен биргеликте талкууланды.

2020-01-23 17:05:33 1083

18-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде магистрдик программанын НББПсы стейкхолдерлер менен биргеликте талкууланды. ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинде социалдык-экономикалык билим берүү багыты (тарых профили) боюнча магистрдик программанын НББПсын жана окутуунун натыйжаларын талкуулоо максатында иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга: ОГПИнин ректору, п.и.д., профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович, ОшТУнун бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын башчысы, филос. и. к., профессор Кедейбаева Жамал Арстаналиевна, ОшТУнун социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Марасулова Нурила Абдуваповна, ОГПИнин тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Осмонов Самарбек Жумабекович, КӨУнин кесиптик колледжинин экономика, укуктук жана коомдук сабактар бирикмесинин башчысы Шералиева Асель Ибрагимовна, ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Тагаев Бекзат Аралбекович, Ош шаарындагы №18 А.Новои мектеп-гимназиясынын директору Карамурзаева Турдайым Апсаматовна, Ош шаарындагы Жетиген мектеп- гимназиясынын директору, п.и.д., доцент Акматов Кыялбек Камутович, Ош шаарындагы Макаренко мектеп-гимназиясынын директору Ташбаев Акылбек Мазанович, Ош шаарындагы №52 Кыргыз-түрк достугу мектеп- гимназиясынын директору Музулманов Мелисбек Узенович, ОшМУнун Кара-Суу гимназиясынын директору Кубанычбек уулу Нурсултан, Кара-Суу районундагы №28 Учар орто мектебинин тарых мугалими Тажиматов Саматбек Салайдинович ж.б. коноктор келип катышышты. Жолугушууда магистрдик программанын НББПсын жана окуутуунун натыйжалары, ЖОЖ компоненттери жана эллективдүү курстан кирген предметтердин актуалдуулугу, ошондой эле магистратура бөлүмүнө “Жаран таануу”, “Тарыхты окутуунун усулу жана педагогикасы” сыяктуу предметтердин киргизилүүсүн сунушташты жана көптөгөн ой-пикирлер айтылды. Ар бир айтылган сунуштар факультет үчүн абдан маанилүү. Келип катышып берген конокторго факультеттин атынан терен ыраазычылык билдиребиз жана ортобуздагы байланыш бекем болсун.