29-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде АББСД нин көчмө-жыйыны болуп өттү.

2020-01-30 14:07:54 1167

29-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде ОшМУнун АББСД нин №5 көчмө-жыйыны болуп өттү. Жыйынга факультеттердин декандары, жалпы факультеттердин окуу-усулдук кеңештеринин төрагалары жана төрайымдары, программа жетекчилери жана мүчөлөрү катышышты. Анда социалдык-экономикалык билим берүү багытынын бакалавр, магистратура программалары, башкарууну документациялык камсыздоо кана архив жүргүзүүнүн колледж программасы, чыгыш таануу жана африканистика программасы боюнча презентациялар көрсөтүлдү жана алдыдагы көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүү маселелери талкууланды.