29-май, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин окумуштуулары ТалМУ тарабынан уюштурулган илимий конференциясына катышышты.

2021-05-29 15:15:22 68

29-май, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин окумуштуулары ТалМУ тарабынан уюштурулган "Ж.Абдрахманов- Кыргыз мамлекетинин туптөөчүсү" аттуу темада онлайн илимий-практикалык конференцияга катышышты. Анда Ж.Баласагын атын.КУУ, И.Арабаев атын. КУУ, К.Тыныстанов атын. ЫМУ, ОшМУ жана ТалМУнун тарыхчы-окумуштуулары мыкты баяндамалары жасашып, сертификаттарга ээ болушту. 1. Арстанов Сабыркул Абдиманапович,т.и.к, доцент.Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы (ОшМУ) - Жусуп Абдрахманов көрүнүктүү мамлекеттик –саясий ишмер катары 2. Шаанов Талант Мурадиллаевич, т.и.к, доцент , Кыргызстандын тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы, (ОшМУ)- Жусуп Абдрахмановдун руханий мурасы жана анын мааниси 3. Жумашова Гулзада Султановна , т.и.к, доцент, Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасы, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы(ОшМУ) – Репрессиянын курмандыктары жана кесепеттери 4. Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна, т.и.к, доцент, Кыргызстан тарыхы жана археология,этнология кафедрасы- Ж.Абдрахмановдун кыргыз элинин этносоциалдык маселелерине тийгизген таасири (ОшМУ).