26-август, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык илимий конференцияда

2021-08-27 00:04:16 78

26-август, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык илимий конференцияда. 2021-жылдын 26-августунда Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: тарыхый традициялар, руханий баалуулуктар, жетишкендиктер” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияны расмий ачуу үчүн сөз ОшМУнун ректору, ф.-м.и.д., профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө расмий коноктор, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин куттуктоолору болду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич, андан кийин Ош шаарынын вице-мэри Шадыканов Эмил Токтосунович куттукташты. Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын (Легендарлуу парламент) депутаты, тарых илимдеринин доктору, профессор – Нурунбетов Балтагул Аттокурович эгемендүүлүккө жетүүдөгү кыйынчылыктар, республиканын символикаларын кабыл алуудагы тарыхый учурлар боюнча айтып, көз карандысыздыктын баасы, баркы тууралуу маалыматтарды кийинки муундарга дайыма жеткире айтуу керектигин белгиледи. ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед.и.д., профессор Осумбеков Б.З. пленардык жыйынды улантты. Анда КР УИАнын Академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Асанканов А.А. – “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл”, Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин кафедра башчысы, профессор Калыш Аманжол “Чыгыш таануучу Ш.-Э. Ужфальвинин Кожа Ахмед Яссауи күмбөзү тууралуу изилдөөлөрү”, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы, доцент Арстанов С.А. “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхый-укуктук негиздери” деген темаларда мазмундуу, маанилүү жана маныздуу баяндама жасашты. Кадимки жана онлайн форматтарда (дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 331, Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залы, Он-лайн формада https://us02web.zoom.us/j/8431835000?pwd=SFNmQUIvT0tRaHlDaVYrN3l5bzJVQT09, конференциянын идентификатору: 843 183 5000, Код доступа: 1 шилтеме (ссылка) аркылуу) уюштурулган конференцияга Орусия, Казакстан, Өзбекстандан, ошондой эле, республикабыздын жогорку окуу жайлары – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окумуштуулары, окутуучулары, аспиранттары, магистранттары, студенттери катышты. Кийинки бөлүгү секциялык иштерде уланды. Анда учурдагы коомдук, табигый жана так илимдердин актуалдуу маселерине арналган кызыктуу баяндамалар окулду. Алсак, Анарбаева Гулнора Абдуманоповна “XVIII - XIX кылымдардагы түштүк кыргыз урууларынын коомдук өнүгүүсүнүн трансформацияланышы”, Анарбекова Венера Эркинбековна “Чынгыз Айтматов – төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жоктоолорунда”, Буянова Ирина Владимировна жана Куулар Чайрана Геннадьевна “Пищевые волокна в составе сыра-быштак”, Джунушалиева Гульгакы Джайчиевна “Кыргыз жазуусу эгемендүү элимдин улуттук баалуулугу”, Сакмурзаева Наргиза Талантбековна “Эгемендүү Кыргызстандын жалпы билим берүү системасы”, Жумашова Гүлзада Султановна “Кыргызстандын түштүгүндөгү шаарлардын изилдениши”, Колсариева Назира Шаршенбековна “Роль государства в политической системе общества”, Кадыров Абдинаби “Афганистан: мурдагы коркунучтар, азыркы кооптонуулар”, Мамажонов Алишер “Описание Ошского региона в топонимах Ферганской долины в “Бабурнаме””, Матвеева Татьяна Александровна “Лабораторный анализ массовой доли жира в масле сливочном”, Токтогулова Гүлжамал Тыныбековна “Казат Акматовдун чыгармаларындагы философиялык идеялар жана көз караштар”, Нурзат Тотубаева “Билим сапаты - туруктуу өнүгүү жолунун индикатору катары”, Чыналиева Мубарак Иманбаевна “Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы Кыргызстандын Түркия менен кызматташтыгы”, Чыныкеева Гулназ Эргешалиевна “Кыргызстандын рухий турмушунда диндин ролу жана дин эркиндигинин ишке ашырылышы жөнүндө” ж.б. кызыктуу баяндамалар окулду.