6-10-сентябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин өкүлдөрү Оренбург университетинин жайкы мектебинде

2021-09-17 17:28:45 74

6-10-сентябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин өкүлдөрү Оренбург университетинин жайкы мектебинде. Жайкы мектеп жүрүп жатат Оренбург мамлекеттик университетинде «Современная российская наука и культура» аттуу V эл аралык жайкы мектеп онлайн форматта башталды. Ага Япония, Кытай, Казакстан, Өзбекстандын ж.б. өлкөлөрдүн окуу жайларынын, ал эми Кыргызстандан Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышууда. Жыйындын ачылуу аземинде ректор Мирошников Сергей Александрович сүйлөгөндөн кийин, конокторго сөз берилди. ОшМУнун атынан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Осмонович англис тилинде кесиптештери менен студенттерди маанилүү окуя менен куттуктап, окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өтүп жаткан жайкы мектеп бир нече өлкөлөрдүн жаштарынын башын бириктирип, студенттерди Россиянын илиминин ири жетишкендиктери, орус элинин тарыхый-маданий мурастары менен тааныштырып, алардын достугун бекемдөөгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи. Ошондой эле ал ОМУ менен ОшМУнун жылдан жылга бекемделип жаткан кызматташуусуна дагы токтолду. Аталган иш-чара Оренбург университетинде жыл сайын уюштурулуп, эл аралык мүнөздө болгондуктан, бардык программалар англис тилинде жүргүзүлөт. ОшМУдан 20га жакын окутуучу (Г. Чыныкеева, С. Абдыкадырова, С. Амиралиев ж.б.) жана студенттер (И(б)-1-20 студенти Иманалы уулу Нурболот) катышып жатат. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Саипова Райхона окуу жай, анын өзгөчөлүктөрү, заманбап билим берүү системасы, инфраструктурасы, студенттерге түзүлгөн мыкты шарттар боюнча презентация жасап берди. Кыргыз-Европа факультетинин студенти Аккулова Каниет чет өлкөлүк конокторго жума күнү кыргыз элинин маданияты, каада-салты, жаратылышы, улуттук тамак-ашы, кийимдери ж.б. руханий дөөлөттөрү боюнча айтып бермекчи. 6-10-сентябрь күндөрү өтүп жаткан илимий жана маданий фестиваль Россия федерациясынын тарыхы, географиясы, мыйзам-укуктук ченемдери, орус элинин маданий баалуулуктары ж.б. камтылган интерактивдик лекциялар, мастер-класстар, Оренбург шаарына болгон виртуалдык тур менен коштолууда. Онлайн мектепти аяктаган студенттер менен окутуучулар сертификаттарга ээ болушту.