4-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Петрозаводск шаарынан тарыхчы Герасев И.Ю. конокто болду

2021-10-08 15:43:06 86

4-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде РФ нын Карелия Республикасынын Петрозаводск шаарынан тарыхчы, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын мүчөсү Герасев И.Ю. конокто болду. Жолугушууда Герасев Илья Юрьевич "Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу азыркы изилдөөлөр" деген темада лекция окуду жана студенттер тарабынан берилген, кызыктуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле, факультеттин жетекчилигине өзүнүн эмгегин белекке тапшырды.