27-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетине "ОшМУга саякат - 2021" маданий-эстетикалык иш чарасынын катышуучулары келишти.

2021-11-04 16:54:32 89

27-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетине "ОшМУга саякат - 2021" маданий-эстетикалык иш чарасынын катышуучулары келишти. Ош декларациясынын жана эки тараптуу келишимдердин негизинде академиялык мобилдүүлүк боюнча ата мекендик окуу жайлардан 1 семестр окуганы келген студенттерге “ОшМУга саякат - 2021” маданий-эстетикалык иш-чарасы уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан, Ысык-Көл, Талас, Баткен мамлекеттик ж.б. университеттерден келген студенттер катышты. Программаны математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Г. Шамшиева жетектеди. Жылдагыдан айырмаланып быйылкы тур “Ректордун сый тамагы (Плов ректора)” аттуу кечеси менен коштолду. Экскурсиянын алкагында студенттер ОшМУнун музейи, факультеттери, лабораториялары, коллеждери ж.б. менен жакындан таанышып, окуу жай, анын инфраструктурасы, автоматташтырылган окуу процесси, корпустары, мындагы санариптештирүү, эл аралык байланыштары ж.б. туурасында кенен маалыматтарга ээ болушту. Ошол эле учурда аларда ректор К.Г. Кожобеков менен формалдуу эмес жагдайда чай ичип, дасторкон үстүндө кенен баарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушууда ректор Кудайберди Гапаралиевич студенттердин ОшМУдан алган таасирлерин, көйгөйлөрүн, сунуштарын угуп, өзүнүн баалуу кеңештерин берип, академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарына токтолду жана көргөн-билгендерин өз окуу жайларына айтып барып, достору, тайпалаш-курсташтары менен бөлүшүүгө чакырды. Студенттер окуп жаткан факультеттериндеги мыкты сабак берген окутуучуларды дагы белгилешти. Алар төмөнкүлөр: - Чыгыш таануу жана тарых факультети: 1. Чыныкеева Гүлназ 2. Ажиматов Орунбай ж.б. “ОшМУга саякат” экскурсиясы жетекчиликтин колдоосу менен жыл сайын эки жолу уюштурулуп турат. Мындан тышкары конок студенттер үчүн эл аралык байланыштар департаменти ар түрдүү маданий, интеллектуалдык жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландаган. Бул аракеттердин баары студенттер ортосундагы достукту бекемдөөгө, алардын дүйнө таанымын өстүрүп, ден соолуктарын чыңдоого багытталган.