29-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети республикалык илимий-практикалык конференцияда.

2021-11-04 17:21:49 73

29-октябрь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети республикалык илимий-практикалык конференцияда. Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмери, Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган “Жусуп Абдрахманов – кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы 2021-жылдын 29-октябрында Ош мамлекеттик университетинде “Жусуп Абдрахманов – кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияны расмий ачуу үчүн сөз ОшМУнун ректору, ф.-м.и.д., профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке берилди. Республикалык илимий конференциянын жүрүшүндө расмий коноктор, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин куттуктоолору болду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Балтабаев Абдували Балтабаевич, андан кийин Ош шаарынын вице-мэри Рыскулова Венера Кадышовна куттукташты. Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын (Легендарлуу парламент) депутаты, тарых илимдеринин доктору, профессор – Нурунбетов Балтагул Аттокурович Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмери, Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахманов боюнча айтып, улуу инсандын баасы, баркы тууралуу маалыматтарды кийинки муундарга дайыма жеткире айтуу керектигин белгиледи. ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед.и.д., профессор Осумбеков Б.З. пленардык жыйынды улантты. Андан сон тарых илимдеринин кандидаты, доцент Смадияров Сыдык Акунович – “Жусуп Абдрахманов мамлекетчил башкаруучу”, тарых илимдеринин доктору, профессор Каратаев Олжобай Кубатбекович – “Жусуп Абдрахманов – улуттук лидер”, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Авазов Эрнис Абдыманапович – “Жусуп Абдрахманов кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө” деген темаларда мазмундуу, маанилүү жана маныздуу баяндама жасашты. Кадимки жана онлайн форматтарда (дареги: Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Европа факультетинин чоң актылык залы, Ош шаары, Б. Асылкан уулу көчөсү 233, Он-лайн формада https://us02web.zoom.us/j/8431835000?pwd=SFNmQUIvT0tRaHlDaVYrN3l5bzJVQT09 шилтеме (ссылка) аркылуу) уюштурулган конференцияга республикабыздын жогорку окуу жайлары – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окумуштуулары, окутуучулары, аспиранттары, магистранттары, студенттери жигердүү катышты. Кийинки бөлүгү секциялык иштерде уланды. Анда учурдагы коомдук, илимдердин актуалдуу маселерине арналган кызыктуу баяндамалар окулду. Алар: Алымбеков К.А. – Кыргыз Республикасынын Эл аралык Университети, философия илимдеринин кандидаты, доцент Кангелдиев Б.С. - Ысык-Кɵл юридикалык институтунун окутуучусу. E-mail: alymbekov60@inbox.ru - УЛУТ ЛИДЕРИ - ЖУСУП АБДРАХМАНОВ Алымбеков Кайырбек Айтакунович – философия илимдеринин кандидаты, доцент, E-mail: alymbekov60@inbox.ru, Ибраев Чыныбай Таштандиевич – тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу, E-mail: icynybaj@gmail.com, К.Тыныстанов ат. ЫМУ, Каракол, Кыргыз Республикасы - КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯНЫН ЛОКОМОТИВИ Дүйшеев Жеңишбек Аматисакович - т.и.к., профессор, duysheev@maul.ru, К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университет, Жалал-Абад, Кыргыз Республикасы - КЫРГЫЗ СОВЕТ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ ЖАНА ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВ (1901-1938) Жыргалбеков Ч.Ж. - Ж.Баласыгын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин магистранты, chyngyz.zhyrgalbekov@mail.ru - ДАНАКЕ ИМАНОВ КѲЛ ѲРѲѲНҮНДѲГҮ АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРДЫН БИРИ Калиев А.С. - саяс.и.к., ИИМСИ, e-mail: azakaliev38@mail.ru - КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ТҮПТӨЛҮҮСҮНДӨ ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ Надырбаева Кутбү Өзүбековна - ага окутуучу, nadyrbaevakutbu@gmail.com, Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту, Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы - Ж.АБДРАХМАНОВДУН ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ - КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮПТӨЛҮШҮ МЕНЕН ТАГДЫРЛАР Султангазиева Ж.Ө. - КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы ТАИнин илимий кызматкери, Бишкек, электрондук дарек: sjyldyzo@mail.ru - ПУБЛИЦИСТИКАЛЫК СТИЛДЕГИ ТЕКСТТЕРДИН КОТОРМОСУНА КОЮЛУУЧУ АЙРЫМ ТАЛАПТАР