Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 4-курсунун студенти Ырысбек кызы Нурканга президенттик стипендия ыйгарылды.

2021-12-16 10:29:16 108

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине Президенттик стипендия ыйгарылды. Салтанаттуу иш-чара 14-декабрь күнү КРдин Президентинин мамлекеттик резиденциясында болуп өтүп, анда ОшМУнун 6 студенти анын ичинде чыгыш таануу жана тарых факультетинин "социалдык-экономикалык билим берүү" (тарых) адистигинин 4-курсунун студенти Ырысбек кызы Нурканга президенттик стипендия ыйгарылды.