11-декабрь, 2021-жыл.Чыгыш таануу жана тарых факультетинде магистрлер (бүтүрүүчүлөр) менен биргеликте тегерек стол уюштурулду.

2021-12-28 11:48:17 114

Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары, магистрлер (бүтүрүүчүлөр) менен биргеликте “Адам жана коом предметин окутуунун абалы жана проблемалары” деп аталган тегерек стол уюштурулду. Анда Ураимова Э. М. – Ош билим берүү институтунун тарых, адам жана коом кабинетинин башчысы “Адам жана коом предметин окутуудагы жаңы технологиялар”, Мурзаев С.К. – Ош шаарындагы Жетиген мектеп лицейинин тарых мугалими “Адам жана коом предметин мектептерде окутуунун абалы”, Сүйүтбеков Б. Р - – Ош шаарындагы У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинин тарых мугалими “Адам жана коом предметиндеги “Базар деген эмне? Биз базарга барабыз” деген теманы окутуу” деген темада баяндама жасап кызыктуу суроо жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында мектеп мугалимдери менен Адам жана коом предметин окутуунун абалы бюнча тыгыз иш алып баруу зарыл экендиги белгиленип, биргеликте кызматташуу максат кылынды.