15-январь, 2022-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1-курсунун магистранттары республикалык интеллектуалдык оюнга катышты.

2022-01-18 17:05:56 106

"Өзгөрүүнү өзүңдөн башта" аттуу II республикалык интеллектуалдык оюнга чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1-курсунун магистранттары Орунбай уулу Куттубек, Кадырбек уулу Икрам, Идирисова Севара, 4-курстун студенти Алтынбек уулу Баястан "Эсперанто" деп аталган команда менен катышышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунга ээ болушуп, 2022-жылдын 26-февралында Жалал-Абад шаарында болуп өтүүчү финалга жолдомо алышты. Жеңиш кут болсун, финалда ийгилик каалайбыз.