2-апрель, 2022-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде китептин бет ачары болуп өттү.

2022-04-04 14:07:52 113

2-апрель, 2022-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде т.и.к., доцент Ж. А. Адилбаевдин жана т.и.к., доцент А. Б. Дуйшонбаеванын “Дүйнө тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар, согуштар жана революциялар, мыйзамченемдүүлүктөр жана келечек” аттуу окуу куралынын бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына университеттин, факультеттин жетекчилиги жана Ош шаарындагы башка ЖОЖдордун өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, магистранттар жана студенттер катышып талкуу менен коштолду.