23-апрель 2022-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары илимий конференцияда.

2022-04-25 18:40:08 113

23-апрель 2022-жыл. Ош мамлекеттик университетинин магистратура жана PhD докторантура департаменти 1-2-курстардын магистранттарына арналган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференцияга Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранттары жалпы 34 магистрант макала, докладдары менен активдүү катышты. 2-курстун магистранты Чыныбаев Бакытбек пленардык жыйында баяндама жасап атайын диплом менен сыйланды. Декан С.А. Арстанов өзү баштан аяк катышып, сертификаттар тапшырылды. Секциялык иш мазмундуу баяндамалар менен коштолуп ийгиликтүү болду.