16-май 2022-жыл. Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алат

2022-05-23 08:41:18 97

Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алат Чехиялык докторант, магистранттар ОшМУда билим алат Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тарыхчы-окумуштуулар ОшМУда болуп, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту. Жолугушууда Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосунда 5 жылдан бери ишке ашып келе жаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери жөнүндө сөз болду. Учурда изилдөөчүлөрдү Батыш Чех университетинин профессору, археология кафедрасынын башчысы Павел Варжека жетектеп келген. Алар 16-майдан 16-июнга чейин Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык Кушан доорундагы археологиялык казууларды жүргүзүшөт. “Археологиялык изилдөөлөргө ОшМУдан адистер, студенттер да катышат. Андан сырткары ОшМУга Батыш Чех университетинен 3 докторант, 3 магистрант да келген. Алар окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт”, -деди Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов.