20-май 2022-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин уюштуруусу менен "ТАРЫХ ИЛИМИНИН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ: ДООРЛОР, ИНСАНДАР, ИЗИЛДӨӨЛӨР" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2022-05-23 08:56:36 90

Ош мамлекеттик университети Чыгыш таануу жана тарых факультетинин уюштуруусу менен Тоолуу Кыргыз облусунун түзүү аракеттеринин 100 жылдыгына жана тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Д.Э. Эгемназаровдун 85 жылдыгына карата арналган "ТАРЫХ ИЛИМИНИН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ: ДООРЛОР, ИНСАНДАР, ИЗИЛДӨӨЛӨР" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн ондогон өкүлдөр (окумуштуулар) ошондой эле өлкөбүздүн башка ЖОЖдорунун окумуштуу-кызматкерлери катышып баяндама жасашты. Конференция офлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, аягында атайын резолюция кабыл алынды.