2022-06-09 15:34:50 30
Ош мамлекеттик университетинде "Улуттук мурас тарбиянын казынасы" аталыштагы фестиваль уюштурулуп, чыгыш тануу жана тарых факультетинин "Санжыра" командасы ат салышты. Мелдеш жети багыттан туруп, командалар улуттук каада-салттарды учурдун талабына ылайык сахналык көрүнүштөрүн, улуттук бий, ырларын, кол өнөрчүлүгүн жана улуттук кийимдерди көргөзүштү. Жыйынтыгында Чыгыш тануу жана тарых факультетинин "Санжыра " командасы жеңишке жетти.