5-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультети илимий долбоорго катышууда...

2022-12-07 20:05:28 94

5-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин магистранттары долбоорго катышууда. Борбор Азиядагы Оозеки Тарых бирикмесинин жетекчиси, БААУнун эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Карабаев Данияр Турдуниязович менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы чарбалардын деколлективдештирүүсү” деп аталган долбоор менен иш баштадык. 2022-жылдын 5-декабрь күнү Карабаев Данияр Турдуниязович факультетке келип оозеки тарыхты изилдөөдөгү интервью, сурамжылоо боюнча практикалык сабак өтүп берди. Мол тажрыйбага ээ болгон долбоордун мүчөлөрү декан С.А. Арстанов, кафедра башчысы Т.М. Шаанов, магистратура бөлүмүнүн башчысы Г.С. Жумашова, жаш окутуучулар М.А. Маманов, Кубанычбек уулу Н, магистрлер жана магистранттар изилдөөнү башташты.