23-декабрь, 2022-жыл. ОшМУдагы жаңы ачылган Казак борбору менен жалпы жамаат таанышты.

2022-12-23 18:59:04 116

Тарых факультетинин жалпы жамааты жана магистранттар Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы Казак тили жана маданияты борборуна таанышууга барып келдик. Борбордун директору тарых илимдеринин кандидаты, доцент А.К. Мурзакметов агай жылуу жүз менен тосуп алып ар бир раритет китептин таржымалын, андан соң баардык сувенирлердин борборго алып келүүдөгү тарыхын, кыргыз-казак байланыштарынын өзөгү болгон маданиятты баяндап берди. Патефондо музыка жаңыртып, домбраны баалап, казактарга тиешелүү 200 значок менен тааныштырып, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин желегин, казак туугандар тараптан келген ар бир белекти зерикпей көрсөтүп, негизгиси бизди бай, баалуу маалыматтарга ээ кылып, жагымдуу маанай менен кайттык. Доцент А.К. Мурзакметов агай борбордун ачылышы факультетке тартылган инвестиция экендигин белгиледи. Жыйынтыгында факультеттин деканы доцент С.А Арстанов агайдын илимин, ишмердүүлүгүн жогору баалап, терең ыраазычылык сөзүң айтып, борбор менен тыгыз иш алып барууну максат кылаарын билдирди. . Борбордун директору тарых илимдеринин кандидаты, доцент А.К. Мурзакметов агайга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.