28-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин социалдык иштер адистигиндеги академиялык мобилдүүлүк боюнча иш-чара

2022-12-30 14:07:18 101

28-декабрь, 2022-жыл. Тарых факультетинин социалдык иштер адистигиндеги академиялык мобилдүүлүк боюнча иш-чара. ОшМУнун тарых факультетинин 540200-Социалдык иштер багытынын студенттери мобилдүүлүк боюнча Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетине бир айлык мөөнөткө барып, билим алып келишкендеринин отчетун жалпы окутуучуларга жана студенттерге беришти. Отчет үчүн презентация, видео ролик, өздөрүнүн сунуштарын алып келишиптир. "ОшМУнун тарых факультетиндеги болгон мүмкүнчүлүк (шарт, аудитория, конкурстук иш чаралар, студенттердин өсүп өнүгүүсү үчүн болгон шарттар) менен камсыз кылып берсе",- дейт СР(б)-1-19 тайпасынын студенти Орозбеков Шерзат. СР(б)-1-20 тайпасынын студенти Жакышова Айназик "Студенттер менен кейс-тапшырмалар менен көбүрөөк иштөө керек",-деп айтты. Ал эми СР(б)-1-20 тайпасынын студенти Карабаева Ширин: "Ферганада ар бир таланттуу студенттерге окуу жайдан акча бөлүнүп берилет экен. Бизде да ошондой болсо жакшы болмок",-деп билдирди. Мобилдүүлүктү уюштуруп берген, билимдерин өркүндөтүү үчүн шарт түзгөн ОшМУнун жетекчилигине, кафедра башчы Нурзинат Токторбековага ыраазычылыктарын айтышты. Фергана мамлекеттик университетине мобилдүүлүккө барган студенттердин тизмеси: 1. Орозбеков Шерзат СР(б)-1-19 тайпасы 2. Асан кызы Айжамал СР(б)-1-19 тайпасы 3. Каримова Зинура СР(б)-1-19 тайпасы 4. Токтоназаров Аман СР(б)-1-19 тайпасы 5. Жунусалиева Айзирек СР(б)-1-21 тайпасы 6. Маманов Нуртилек СР(б)-1-21 тайпасы 7. Абдуллажанова Зубайда СР(б)-1-22 тайпасы 8. Нурпазыл кызы Айкөкүл СР(б)-1-22 тайпасы 9. Караева Ширин СР(б)-1-20 тайпасы 10. Жакышова Айназик СР(б)-1-20 тайпасы