Тарых факультетинде УАМ согуштун ардагери менен жолугушуу

2015-05-04 11:40:14 3870

23-апрель күнү Тарых факультетинде илим жумалыгынын алкагында УАМ согуштун ардагери, панфиловчу-жоокер Мухтар Нургазиев менен жолугушуу болду. Жолугушууга факультеттин профессордук-окутуучулук жана студенттер курамы активдүү катышышты. Мында согуштун ардагери М.Нургазиев студенттерге согуш жөнүндө, ал кездеги оор турмуш жөнүндө кеңири айтып берди. Жолугушуунун соңунда ардагерде факультет жамааты атайын белек берип сыйласа, М.Нургазиев өзүнүн "Татаал жолдор такшалтты" аттуу автобиографиялык китебин факультетке белекке берди.