27-28-29-январь, 2023-жыл.

2023-02-01 17:19:27 129

27-28-29-январь, 2023-жыл. "Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" долбоорунун тренинг-семинарына т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э. катышты. Бүгүнкү күндө ким болбосун өнүгүүнүн жолуна түшөм десе, тынымсыз же үзгүлтүксүз билим алууга умтулуусу зарыл. Анткени, убакыт да, коом да алдыга токтоосуз жылууда... Андагы аудиториянын көпчүлүгү ОшМУдагы мыкты окумуштуулар, анан өз ишин сүйгөн адистер болду. Ал эми тренерлер, илимдин кандидаттары, доценттер Джунушалиева Калиман жана Шамканова Гүлмира эжекелер семинардын материалдарын эң сонун түшүндүрө алган адистер экен жана окутуучулар үчүн абдан пайдалуу жана зарыл болгон сонун усулдарды, ыкмаларды жана көндүмдөрдү беришти. Семинардан: - мугалимдин тактикасын, сүйлөө чеберчилигинен баштап өзүн окуучулардын (студенттердин) алдында алып жүрүүсүн; - аудиториянын маанайын жогорку деңгээлге көтөрүүнү; -туруктуу өнүгүүнүн (социум, экономика, экология) 17 максатын жана ал максаттарды ишке ашыруунун жолдорун; - сабак өтүүнүн ыкмаларын (кайсыл ыкма учурдун балдарына ыктуу экендигин) - сабак өтүү, максатка жетүү, уюштуруу, билим берүү, кайтарым байланышты түзүү; - анализ берүү аркылуу ой жүгүртүү ж.б. жөнүндө айтылды жана бул семинардан жаңычылдыкты, ыкмалар менен иштеп жатып жаңы идеялар оюбузга келди. Тренингдин жыйынтыгында бир топ колдонмо материалдарды жана сабакты кызыктуу өтүү үчүн даяр иштелмелерди, ар бир катышуучуга акысыз тапшырышты.