Тарых факультетинде илимий семинар

2015-05-04 11:42:02 3617

22-24-апрель күндөрү Тарых факультетинде илимий жумалыктын алкагында иш-чаралар өткөрүлдү. 22-апрель күнү Илим жумалыгынын ачылышы болуп, анда "ОшМУ менен Синь Цзянь педагогикалык университетинин ортосундагы илимий-кесиптик байланыштар" деген темада семинар болду. белгилеп кетсек ушул жылдын 1-7-апрель күндөрү деканыбыз, доцент С.А.Смадияров менен улук окутуучу С.Арстановдор Үрүмчү шаарында илимий сапарда болуп кайтышкан. Алар семинардын жүрүшүндө Кытайда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кызыктуу баяндама жасашты