21-февраль, 2023-жыл. Факультеттин магистранты А. Заидов Өбекстан Республикасынын "ЭҢ МЫКТЫ ИЛИМИЙ МАКАЛА - 2023" номинациясына ээ болду.

2023-04-19 05:35:42 149

ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профили боюнча 2-курсунун магистранты, ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясынын, "Мыкты студент-2021" (Казакстан, Астана шаары) номинациясынын, Атуулдук стипендиянын ээси, "Куршаб аймагынын тарыхы" аттуу илимий-популярдуу китептин авторлошу Заидов Азирет Манасович "Кыргыздардагы үйлөнүүдөгү негизги кармалуучу шарттар жана никенин тыюу салынган түрлөрү" деп аталган илимий макаласы Өзбекстан Республикасынын "NP NATIONAL PUBLICATION" илимий борбору КМШ мамлекеттеринин арасында уюштурулган илимий макалалар сынагында "ЭҢ МЫКТЫ ИЛИМИЙ МАКАЛА - 2023" номинациясы менен жеңүүчү болуп аныкталды! Куттуктайбыз! Ийгиликтер жарала берсин! Илимий макаланын изилдөөгө көмөк көрсөткөн илимий жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Чыныкеева Гулназ Эргешалиевнага терең ыраазычылык билдиребиз! Илимий ишиңиздерде ийгиликтер коштоп жүрсүн!