2023-жыл, 24-апрель. «Кыргызстандын азыркы учурдагы тарыхый, социалдык, антропологиялык изилдөөлөрү: салттуу маданият жана ааламдашуу жараяны» аттуу илимий теманын алкагында илимий жумалыктын ачылышы болуп өттү.

2023-04-28 08:56:42 135

2023-жыл, 24-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык иштер факультетинде, «Кыргызстандын азыркы учурдагы тарыхый, социалдык, антропологиялык изилдөөлөрү: салттуу маданият жана ааламдашуу жараяны» аттуу илимий теманын алкагында илимий жумалыктын ачылышы болуп өттү. Илимий жумалыктын ачылышына ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Анарбаева Г.М., факультетинин деканы, т.и.к., доцент Арстанов С.А., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Кадыров Т.Д., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Шаанов Т.М., тарых жана социалдык иштер факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы т.и.к., доцент Дуйшонбаева А.Б.,Социалдык иштер кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Токторбекова Н.А.,Тарых жана социалдык иштер факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары т.и.к., доцент Сатыбалдиева Ч. Т. Катышышты. Ал эми илимий жумалыкта биздин кадырлуу конокторубуз кызыктуу жана мазмундуу илимий баяндамаларды жасашты: 1. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Асанканов А., Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык байланыштар институтунун директору. 2. Тарых илимдеринин кандидаты доцент, «Большой Алтай» аттуу алтаистика жана тюркологиянын илимий - билим берүү борборунун жетекчи адиси - Назаров И.И. онлайн форматта кызыктуу илимий баяндама жасады. 3. Султанова Махпурат Шакировна - тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Андан тышкары илим жумалыгына катышууга докторанттар аспиранттар, магистранттар жана студенттер чакырылган.