2023-жыл 25-апрель. "Кыргызстандагы миграциялык жараяндар - КМШ мамлекеттеринде интеграциянын күчөшүнүн негизги фактору катары"- деген темада тегерек стол болуп өттү.

2023-04-28 09:05:52 323

2023-жыл 25-апрель. ОшМУнун илим жумалыгынын алкагында, Тарых жана социалдык иштер факультетинде, Магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кыргызстандагы миграциялык жараяндар - КМШ мамлекеттеринде интеграциянын күчөшүнүн негизги фактору катары"- деген темада тегерек стол болуп өттү. Анда теманын айланасында кызуу талкуу жүрүп, угармандар өзүнө керектүү болгон маалыматтарды ала алышты. Мыкты илимий баяндама жасаган магистранттар сертификаттар менен сыйланышты. Илим күнүнө магистранттар, студенттер жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышты.