26-апрель,2023-жыл . Кыргызстан тарыхы жана археология этнология кафедрасы, студенттер магистрлер менен биргеликте Өскөнбай Бердибаевдин "Доорлор Баяны" китеби боюнча тегерек стол өткөрдү.

2023-04-28 09:14:31 122

Бүгүн 26-апрель,2023-жыл ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин Кыргызстан тарыхы жана археология этнология кафедрасы, студенттер магистрлер менен биргеликте Өскөнбай Бердибаевдин "Доорлор Баяны" китеби боюнча тегерек стол өткөрдү. Аталган иш чаранын модератору Кыргызстан тарыхы жана археология,этнология кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Шаанов Талант Мурадиллаевич болду. Алгач иш чара аталган окуу жайга келген конокторго музейдеги экспонаттар менен тааныштыруудан башталды. Иш чарага : КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,Эл агартуунун жана Маданияттын Мыктысы КТРдин,ЭлТР МТРКсынын мыкты кызматкери акын Турабай Жороев агай, Жазуучулар Союзунун өкүлү Бермет Закирова, "Доорлор Баяны" китебинин автору Өскөнбай Бердибаев, Этникалык Кыргыздар ассоциациясынын өкүлдөрү Расул Зулпукарович, Гожомберди Ниязбеков, Мургаптык кыргыздардын аксакалдар кеңешинин төрагасы Тагайбек Миңбаев жана Мургаптык кыргыздар, чебер уз айымдар, аксакалдар, студенттер,мугалимдер, этнографтар,тарыхчылар ж.б.катышты. Иш чаранын жүрүшүндө алгач факультеттин деканы тарых илимдеринин кандидаты доцент С.А. Арстанов сөз сүйлөдү, андан соң "тарых илимдеринин кандидаты доцент Смадияров Сыдык Акунович "Доорлор Баяны " китеби боюнча иш чаранын жалпы катышуучуларына кеңири түшүндүрмө берип, илимий багытта китептин канчалык мааниге ээ экендигин айтып китепте жазылган тарыхый окуяларга да токтолуп өттү. Андан соң аталган иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар авторду "Доорлор Баяны" китебинин жаңыдан жарык көрүүсү менен кызуу куттукташты. Тегерек столдун жүрүшүндө "Чыгыш-Памир" кыргыздары боюнча ой-пикирлер, сунуштар, суроо -жооптор, кызуу талкуулар болду. Иш чаранын аягында Мургаптык кыргыздардын атынан Этникалык Кыргыздар ассоциациясынын өкүлдөрү Окуу жайдын китепканасына Мургаптык кыргыздардын атынан, "ДООРЛОР БАЯНЫ" ОЙНОЙЛУ ОРДО ОЮНУН 1." " ОРДО ОЮНУ 2" ПАМИР АЛАЙ БЕРМЕТТЕРИ " "АК-БАЙТАЛ АШУУСУ " китептерини белек катары тапшырышты. Иш чаранын аягында факультеттин деканы, доцент С.А. Арстанов жалпы катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип мындан ары өз-ара кызматшуу уланарын баса белгилеп кетти .