06.04.2023-жыл. "Мыкты илимий макала - 2023" кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

2023-04-28 09:49:24 123

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы жайгашкан "Жеңиш" багында КМШ мамлекеттеринин арасында уюштурулган "Мыкты илимий макала - 2023" кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган иш-чарада Ташкент мамлекеттик университети, Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү, "📖National publication ilmiy matbuot markazi" тарабынан сыйлык тапшыруу аземи уюштурулду. Ага агай-эжейлер, жаш илимпоздор да катышып, Кыргызстандан ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин 2-курсунун магистранты Азирет Заидов "Мыкты илимий макала - 2023" номинациясына ээ болду жана илимий жетекчиси, т.и.к., доцент Гульназ Чыныкеева "Ыраазычылык кат" алып, атайын медалдар менен сыйланышты. Сыйлыктарыңыздар кут болсун!!!