ОшМУнун ички грантынын негизинде каржыланган “Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)”

2023-04-28 09:59:46 133

ОшМУнун ички грантынын негизинде каржыланган “Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)” (илимий долбоордун жетекчиси: т.и.д., академик Асанканов А.А., экспедициянын жетекчиси: этнограф Айтбаев Т.А. жана долбоордун мүчөлөрү Сатыбалдиева Ч.Т., Султанова М.Ш., Осмонова С.К., Чыныкеева Г.Э.) аттуу долбоордун алкагында 2023-жылы 15-21-март күндөрүндө Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов (Ызар), Өрүктү, 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айылдарында этнографиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Т.Балтагулов (Ызар) айылында, Кош-Алмурут, Баймак, Өрүктү, 1-Май, Тенги, Көк-Таш, Кумдак, Булак-Башы, Чоң-Сай, Арап-Ата айылдарында жашаган маалымат берүүчүлөрдөн оозеки сурамжылоо жүргүзүлүп, аудио-видеого жана сүрөткө (фото) тартылып баалуу талаа материалдары жыйналды. Этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мезгилинде элдик оозеки чыгармачылык, каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым, санжыра, салттык кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик, улуттук кийим-кечелер, салттуу тамак-аштар жана башкаларга өзгөчө көңүл бурулду. Ала-Бука районунун тоолуу жерлери салттуу маданият бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганы байкалууда. Ала-Бука районунун айыл өкмөттөрүнүн айылдарында этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мезгилинде кайсы уруу, урук жашагандыгы жөнүндө бир аз токтололу. Бул райондун аймагында Могол, Оң-Могол, Багыш, Кытай, Найман, Кушчу, Басыз, Багыш, Чике-Багыш, Коңурат, Кыпчак жана башкалар жашайт. Ал эми биз изилдеген аймакта негизинен Могол уруулары 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн айылдарында басымдуулук кылат. Могол уруусунун Келегей, Самарчык, Сүйрү-Баш, Согу, Бай-Могол, Кедей-Могол, Көк-Моюн, Куу-Сөөк кезиктирүүгө болот. Ушул аймакта этнографиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө ыйык сыйынуучу жерлерге да изилдөөлөр жүргүзүлдү. Ала-Бука районунун Т.Балтагулов (Ызар) Баймак айылындагы Эшен-Бува ыйык сыйынуучу жери бар. Ошондой эле, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн айылдарындагы ыйык сыйынуучу жерлеринде болдук. 1. Көк-Таш Ата – ыйык сыйынуучу жери 2. Ыштык Ата - ыйык сыйынуучу жери 3. Беш-Таш Ата - ыйык сыйынуучу жери 4. Карагул Ата - ыйык сыйынуучу жери 5. Кочкор Ата - ыйык сыйынуучу жери 6. Ак-Таш Ата -ыйык сыйынуучу жери 7. Жаз-Паз Ата - ыйык сыйынуучу жери 8. Тешик-Таш - ыйык сыйынуучу жери Бул долбоордун алкагындагы этнографиялык экспедициялар өз ишин мындан ары да улантмакчы.