18-май, 2023-жыл. Жыл мыктылары!

2023-06-12 07:52:41 191

Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган "Мыкты тайпа - 2023", "Мыкты староста - 2023", "Мыкты куратор - 2023" сынактарынын жана "Окумуштуулар Кенешинин стипендиясынын" жеңүүчүлөрун сыйлоо аземи болуп өттү. Тарых жана социалдык иштер факультетинен И(б)-1-21-тайпасы "ОшМУнун эң мыкты тайпасы - 2023" сынагын жеңип I даражадагы Диплому менен сыйланды (тайпанын куратору: Чыныкеева Г.Э.). Ошондой эле, "ОшМунун мыкты старостасы - 2023" сынагында И(б)-1-21-тайпасынын старостасы Байыш кызы Айтунук I даражадыгы диплом менен сыйланды. И(б)-1-20-тайпасынын студентти Кушбакова Айназик "Окумуштуулар Кенешинин стипендиясынын" ээси болуп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.