31.05.2023-жыл. Батыш Чех университетинин профессору, белгилүү археолог Павел Варжека студенттерге конок лекция окуду.

2023-06-12 08:02:04 202

Тарых жана социалдык иштер факультетинде Батыш Чех университетинин профессору, белгилүү археолог Павел Варжека студенттерге конок лекция окуду. Лекция студенттердин кызыгуусун жаратып суроолор менен коштолду. Эскерте кетсек, профессор Павел Варжека баштаган Чехиялык археологдор Кара-Суу районунун Ак-Жар аймагында археологиялык казуу жүргүзүүдө жана бул казууга факультеттин студенттери активдүү катышууда. Батыш Чех университети менен ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультети ар тараптуу кызматташып келет. Ушул айдын башында факультеттин деканы доцент С.А. Арстанов баштаган делегация Батыш Чех университетинде конок лекцияларды окуп келген.