2023-06-12 08:09:09 23
Андижан обласынын Кыргыз улуттук маданий борборунун башчысы Обиджон Носиров жана Андижан обласынын Жалал-Кудук районунун Жалал-Кудук хаёти гезитинин башкы редактору Шукурулло Хайтакунов ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетине атайын иш сапары менен келишти. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан ары биргеликте иш-чараларды уюштуруу, Өзбекстандагы этникалык кыргыздарды изилдөө жана башка маселелер талкууланды.