8-10-июнь, 2023-жыл. ОшМУда окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн (докторанттар жана аспиранттардын) V мектебине тарых жана социалдык иштер факультетинин окутуучулары катышты.

2023-06-12 08:21:29 221

ОшМУда окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн (докторанттар жана аспиранттардын) V мектебине тарых жана социалдык иштер факультетинин окутуучулары т.и.к., доцент Сатыбалдиева Ч.Т., т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э., т.и.к., улук окутуучу Абдувапова А.Т. катышышты жана сертификаттарга ээ болушту. Анда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиева, «Антиплагиат» компаниясынын аткаруучу директору Юрий Чехович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгуль Абдраева, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев ачуу аземинде куттук сөздөрү менен чыгышты жана окумуштуулардын, эксперттердин ары маанилүү, ары маңыздуу баяндамалары угулду.