Тарых факультети мыкты болду

2015-06-18 11:28:49 4094

16-июнь күнү университетибиз жыл жыйынтыгын чыгарып, окуу жылынын башталышында жарыяланган конкурстардын жыйынтыгы чыгарылды. Натыйжада тарых факултети чакан болсо да бир катар ийгиликтерди багынтты. Мисалы, ИБ-1-12 тайпасы "ОшМУнун мыкты тайпасы -2015" номинациясында 1-орунду, декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары Осмонова С. "Мыкты замдекан -2015" номинациясында 3-орунду багынтышса, Кыргызстан тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу Алтымышева Венера "мыкты окутуучу -2015" конкурсунда Ардак грамота менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрүбүздү сыйлыктары менен куттуктайбыз