Студенттик илимий конференция

2015-11-21 13:59:55 4885

20-ноябрь куну ОшМУда салтка айланган туштук аймагындагы ЖОЖдор аралык "Студент жана илимий-техникалык прогресс-2015" конференциясы ийгиликтуу отту. Аталган конференцияга тарых факультетинен 4-курстун студенттери Сааданбек уулу Дамир,Муратова Зуура, 5-курстун студенттери Аданбаева Уркуя, Абдинаби кызы Нуриза, Сонунбек кызы Нургуль оз макалалары менен баяндама жасашты. Белгилеп кетуучу жагдай, Сааданбек уулу Дамирдин "Ош шаары: азыркы мезгилдеги миграциялык процесстер" аттуу доклады пленардык жыйынга коюлуп, катышуучулардын чон кызыгуусун жаратты. Жыйынтыгында Сааданбек уулу Д. ОшМУнун 1-даражадагы диплому менен сыйланды.