Олимпиядада тарыхчылар чемпион

2016-04-16 10:55:32 5326

9-апрелде Баткен мамлекеттик университетинде өткөн регионалдык 5-олимпиядада ОшМУнун тарых факультетинин курама командалары (тарыхчы жана тарыхчы эмес) чоң ийгиликке жетишти. Тарых предметинен (профиль боюнча) факультеттин 2-курсунун студенттери Юлдашев Базарбай, Айбекова Айданек 3-курстан Мадимарова Айзат, Кыргызстан тарыхы боюнча (не профиль) медфактын студенти Сооронбай уулу Азизбек, табият тануудан Нурдубек уулу Абдыганы жана юрфактан Абибула уулу Мамытбектер катышышты. Окутуучулардан профиль боюнча жооптуу доцент С.Арстанов, непрофиль боюнча жооптуу доцент С.Смадияровдор болушту. Жыйынтыгында тарых предмети боюнча тарых факультетинин студенттери А.Айбекова 3-орун, Б.Юлдашев 2-орун А.Мадимарова 1-орунду ээлешсе Кыргызстан тарыхы боюнча (непрофиль) Сооронбай уулу Азизбек 1-орун жана Абибула уулу Маамытбек 2-орунду багындырышып, Түштүктө ОшМУга башка жождор тең келе албастыгын далилдешти. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!