ОшМУнун Тарых факультетинде 1916-жылдагы көтөрүлүшкө байланыштуу конференция өттү

2016-04-21 17:03:49 5743

ОшМУда тарых факультетинин демилгеси менен 18-19-апрель күндөрү "Тарых жана маданият" жылына карата иш-пландын негизинде КР Перзидентинин алдындагы "Мурас" фонду менен биргеликте "Борбордук Азия элдеринин эгемен мамлекетти калыбына келтирүү жолундагы тарыхый күрөшү” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага Бишкектен тарыхчы профессорлор Т.Чоротегин, Т. Кененсариев, Ж.Жакыпбеков, К.Молдокасымов, Орусиядан В.Бутанаев (Хакасия), С.Скобелов (Новосибирск), Түркиядан О.Каратаев ж.б. катышты. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө байланыштуу жаңы табылгалар, материалдар ортого салынып, баалуу көз-караштар, пикирлер айтылды. Тарых факультетинин окумуштуулары студенттери бул иш-чарага активдүү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө Орусиялык көрүнүктүү тарыхчы, окумуштуу В.Бутанаевге ОшМУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер медалы тапшырылды.