Тарых факультетинде Илим жумалыгы өттү

2016-04-29 15:06:25 4748

“Тарых жана маданият жылына” карата 2016-жылдын 27-28-апрель күндөрү Тарых факультетинин Илим жумалыгына байланыштуу иш-чаралар өттү. 27-апрель күнү факультеттин Чоң актылык залында илим жумалыгынын ачылышы болуп анда С.А. Смадияров – тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент сөз сүйлөп,2015-16-окуу жылындагы факультеттин профессордук-окутуучулук жана студенттик курамынын илимий багыттагы жетишкендиктерин сыйлоо аземи болду. II бөлүктө “Кыргызстандагы учурдагы этнодиний кырдаал” деген темада студенттик тегерек стол болду. Бул иш чараны “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасы уюштурду. Анын жүрүшүндө Н.Арипов баштаган дин кызматкерлери жана кафедранын окутуутучулары А.Б. Дүйшенбаева – “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын доценти, т.и.к.,Т.А. Айтпаев “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын улук окутуучусу жана т.и.к. А.Апышева ж.б. баяндама жасашты. Тегерек стол талкуу, ой-пикирлер, сунуштар менен коштолду. Эртеси 28-апрелде факультетте илим жумалыгынын 2-күнү улантылды. Мында, “Тарыхтын кара тактары” деген темада талкуу "Кыргызстан тарыхы" кафедрасы тарабынан уюштурулду. Журналист, коомдук ишмер С.Абдрахмановдун “Тарыхтын кара тактары” даректүү фильми көрсөтүлдү (автордун катышуусунда). Иш-чара талкуу, ой-пикирлер, сунуштар менен жыйынтыкталды.