22-ноябрь, 2016-жыл. Студенттердин III аймактык илимий конференциясы.

2016-11-26 12:55:36 5434

22-ноябрь, 2016-жыл. Тарых факультетинин студенттеринин катышуусу менен "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу III аймактык студенттик илимий конференциясы жемиштүү болуп өттү. Анда 2 И(б)-1-15 тайпасынын студенти Суйутбеков Байаман "Азыркы мезгилдеги миграциялык процесстердин кыргыздардын коомдук турмушуна тийгизген таасири" аттуу доклады менен пленардык жыйында баяндама жасап, I даражадагы дипломго ээ болду (илимий жетекчиси: т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э.). Андан сырткары тарых факультетинин студенттери: Досназаров Акжол, Маматалиева Жумагуль, Орозбай кызы Зарина, Сапарали кызы Бурабия, Суюнбаева Мадина, Айдарали кызы Айзирек, Юлдашев Бозорбай секцияларда баяндаларын жасашты жана дипломдорго ээ болушту.