12-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

2016-12-15 14:53:42 5124

12-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде юридика факультети менен биргеликте Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Э.Алишерова, Н.Темирова жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары т.и.к., доцент С.Осмонова тарабынан "Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс, Кыргыздын кырааны бар, аты - Чыңгыз" - деген темада эки бөлүмдөн турган иш-чара өткөрүлдү. Биринчи бөлүмдө студенттер тарабынан илимий баяндамалар окулду, ал эми экинчи бөлүмүндө "Акыл ордо" интеллектуалдык таймаш уюштурулуп, жыйынтыгында тарых факультети жеңишке жетишишти жана дипломдор менен сыйланышты. Бул иш-чараны өткөрүүгө зор салымын кошкон мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучуларына ыраазычылыктар билдирилди.