10-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Араван районунда.

2018-04-11 11:57:33 3019

10-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Араван районунун "Манас" атындагы №18 орто мектебинде конок-лекцияларды окуп, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп кайтышты. ОшМУ жөнүндө маалыматтар берилип, ОшМУнун, тарых факультетинин буклеттери таратылды. Анда тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А., Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., т.и.к., профессор Адилбаев Ж.А., улук окутуучу Ураимов У.Н., улук окутуучу Айтбаев Т.А. барышты. Ошондой эле, Айтбаев Т.А. мектептеги окуунун жана коомдук иштердин мыктылары тандалып, 12 окуучуга өзүнүн "Тажибай" атындагы стипендиясын ар бирине (1000 сом өлчөмүндөгү) ыйгарды. Бул саамалык мындан ары да уланмакчы.