26-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде Батыш Чех университетинин профессору Павел Варжека конок-лекция окуду.

2018-10-26 20:00:15 2515

26-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде Чехия менен кызматташуу жемишиштүү уланууда. Алгач, Чехияга жайкы лагерде болуп келген студенттер Досназаров А., Айбекова А., Асилбек кызы А., Тайчиков К., магистранттарыбыз Таалайбек кызы Абида жана Тешебаев Мамадалы өз сапарлары жана изилдөө иштери боюнча презентацияларын жасашты. Андан соң, Батыш Чех университетинин Философия жана искусство факультетинин археология кафедрасынын башчысы, доктор, профессор Павел Варжека конок-лекция окуду. Анын лекциясын профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана магистранттар кызыгуу менен угушуп, талкуулар менен аяктады. Бул кызматташуу мындан ары да уланмакчы.