30-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде “Султан Ибраимов – Советтик Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмери” аттуу илимий тегерек стол болуп өттү.

2018-10-30 17:28:46 2558

30-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде “Султан Ибраимов – Советтик Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмери” аттуу илимий тегерек стол болуп өттү. Аны тарых факультети уюштуруп, иш-чарага ОшМУнун проректору, тех. и.д. профессор И.Г.Кенжаев келип катышты. Ошондой эл тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров өз сөзүндө С.Ибраимовдун инсандык бейнесине токтолду. Андан соң илимий баяндамаларга көңүл бурулду. Алсак, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын окутуучусу Тайгайбекова А. - “С.Ибраимовдун өмүр таржымалы” жана Усманов Т.М. “Алчалуу айылынын ардактуу инсаны” аттуу илимий баяндамаларды жасашты. Баяндамалар абдан мазмундуу жана маңыздуу болуп, аягында талкуулар менен коштолду. Иш чаранын өткөрүлүшү массалык маалымат каражаттарында ("Үмүт ТВ" телеканалы, "Ош МУнун сайт-кабары") чагылдырылды.