30-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин улук окутуучусу Ураимов Урустам маалымат каражаттарына талкууга катышты.

2018-10-30 18:40:36 2099

30-октябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин улук окутуучусу Ураимов Урустам маалымат каражаттарына талкууга катышты. “Өз урууларынын тарыхын тактоо, санжыра жазуу же жаздыруу, уруулаштардын уюмдарынын пайда болуусу, аны менен эле бүтүп калбай, уруулардын курултайларын өткөрүү – бул бүгүнкү Кыргызстандагы реалдуулук. Уруучулук же трайбализм – бул эмне? Чындап эле тарыхты калыбына келтирип, салтты сактообу же саясий инструментпи? Бул аракеттер менен элдин улуттук аң сезими бекемделеби же тескерисинче бөлүнүп жарылууга алып келеби? Ушул жана башка маселелерди "Чарпалектин" студиясында талкууладык. Маектештер: Ураимов Урустам - коньюнктурадан алыс, чыныгы тарыхчы агайыбыз. Ошондой эле, Каримбеков Абдисайит - Ош шаардык кеңешинин депутаты, саясатта ушул көйгөйлөр менен туш келген практик. Бүгүн саат 19:30 да "Ынтымак" телеканалында” – деп билдирет алып баруучу Расул Авазбек уулу.