24-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде колледждин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.

2018-11-24 17:42:16 2432

24-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде колледждин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. 2018-жылдын 24-ноябрында, саат 10:00 дө Ош МУнун тарых факультетинде окуп жаткан студенттеринин келечеги, окуудагы ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу маектешүү жана пикир алышуу максатында ата-энелер чогулушу чакыртылды. Аны факультеттин бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен байланышынын жооптуусу (стейкхолдер) улук окутуучу Алтымышова В. уюштурду. Жолугушуунун максаты: - Ата-энелерди Ош МУнун тарых факультетиндеги окуу-тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу (ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдору, окуудан сырткары өткөрүлүүчү ЖОЖдор аралык олимпиадалар, иш-чаралар, кружоктор ж.б.); - Руханий байлыгы жогору, адеп-ахлактык жактан таза, дени сак инсандарды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүдө ЖОЖ менен ата-энелердин ортосундагы байланыш түзүү жана аларды бириктирүү. ПРОГРАММА: 10.00-10.55 – катышуучуларды каттоо (ата-энелер жөнүндө маалыматтарды тактоо, факультеттин окуу базасы менен тааныштыруу). 11.00. – тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С. А. Жыйындын ачылышы, жолугушуунун максаты, меймандары менен тааныштыруу. Ошондой эле жыйында “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедрасынын башчысы, т.и.к., проф. Кадыров Т.Д., тарых факультетинин колледждер боюнча программасынын башчысы т.и.к., доцент Апышова А. К., тарых факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары т.и.к. Шаанов Т.М. жана ата-энелердин өкүлдөрүнө сөз берилди. Жыйында багыттоочу темалар: 1. Ата-энелердин ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдоруна карата көз караштары; 2. Сабактан тышкары иштерге (окуу жайлар аралык олимпиадалар, тил курстары) студенттерди катыштыруу; 3. Тарых факультети (кафедралар) менен ата-энелердин ортосундагы мамилени, кызматташууну өркүндөтүү сыяктуу маселелер айтылды, талкуулар менен коштолду жана мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Жолугушууда ата-энелер үчүн чакан концерт тартууланды. Кураторлор: ДАс–1(9)-17 Апышова Аида ДАс-1(9)-18 Эрмекбаев Кубаныч ДАс-1-17 Айтбаев Тажибай